Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 10 months мурун
Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:04тө Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Сары-Таш, Арча-Булак жана Чоң-Алай районунун Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү