Алайда атасы уулуна зомбулук көрсөткөнүн видео тасмага тарткан

Социалдык тармактарда тараган видео тасмадан 3-4 жашар уулун төшөктөн тургузуп, урушуп, сөгүп, анын апасынын кайдадыр кеткенин айтып, караңгыда эшикке түнөйсүң деп эшикке кубалап чыккандыгын көрүүгө болот. Коркуп калган баласы баарына макул болгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул окуя Алай районунда болгонун, милицияга 39 жаштагы И.Т. алынып келингенин билдирди. Ал баласын урушуп жаткан видеону видеону аялы менен пикир келишпегендиктен тартканын жана ага жибергенин билдирген. Анын аялы Орусияда миграцияда жүргөн.  

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында мындай деп айтылат:

«Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып аткан киши Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Алгачкы маалыматтарга ылайык, И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби, жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалым болгон» деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле милиция кызматкерлери видеотасмадагы жаш баланы текшерүүгө алып, дарыгерлерге көрсөтүп, денесинде эч кандай жаракат аныкталган эместигин билдирди. 

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынары айтылды. Бала апасынын туугандарына берилген.

Сүрөт: ИИМ    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты