Алайда 38 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда

  • 7 месяцев мурун

Алайда 38 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда таң эрте 38 жаштагы адамды издөө иштерин улантууга Кара-Суу райондук ӨКБдан 10 куткаруучу тартылган. Буга кошумча издөө иштерине аталган райондогу №25 ӨКБдан 10 куткаруучу, Алай РИИБнен 1 милиция, айыл аймактан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам, бүгүн жалпысынан 32 адам жөнөтүлгөн.

Эске салсак, Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айылынын 38 жаштагы А.И. аттуу тургуну (эркек киши) 19-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги жана айыл аралап аккан каналга түшүп кетүүсү мүмкүндүгү тууралуу маалымат «102» кызматынан 21-декабрь күнү түшкөн. Мындан улам 24 куткаруучу, РИИБ кызматкерлери, тургундар кечээ издөө иштерин аткарып, натыйжа болгон эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты