Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 1 год мурун

Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 21-июнь күнү кечке жуук аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын, 3 социалдык объектинин (1 мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум шагыл аралаш сел суулары каптаган жана бир электр мамысын сел агызып кетип, электр берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон — Терек ички чарбалык жолунун 7-чакырымында 3 тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Бүгүн, 23-июнда саат 07:30да селдин кесепеттерин жоюуга Алай райондук №68 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылганы белгилүү болду.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тактоо, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Алай райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты