Алагөзов президент Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганын билдирди

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Президент кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюуну тапшырды. Жеринде министрлер кабинетинин жана компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жүрөт. Мамлекет башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап турат«, — деп кошумчалады Алагөзов.

Бүгүн, 2-февралга караган түнү Бишкеке жылуулук электр борборунда авария болуп, үч адам жабыркады.

Энергетика министрлиги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты