Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылганга шектелгендер кармалды

  • 1 год мурун
Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылганга шектелгендер кармалды

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ала-Бука РИИБге кен казуучу фирмалардын биринин күзөт бөлүмүнүн кызматкери билдирүү менен кайрылган. Анда 20-январга караган түнү болжол менен саат 04:05 чамасында кен казуучу ишкананын кире беришинен Чаткал районунун тургундары кармалгандыгын билдирген. Мындан сырткары кен казуучу фирманын мыйзамдуу өкүлү 1974-жылы туулган А.Т. арыз менен кайрылып, кармалган балдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ала-Бука РИИБинин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун тургундары 1978-жылы туулган О.Р., 1990-жылы туулган К.Т., Т.Э., 1991-жылы туулган К.С., 1996-жылы туулган С.Г. кармалышып, Ала-Бука РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алардын баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, баары үй камагына чыгарылган. Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн башка шериктери бар же жок экендигин тактоо боюнча тергөө иштери толугу менен жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты