Ала-Букада коммерциялык жайлардын ээлерине карата физикалык зомбулук көрсөткөнгө шектелген жаран кармалды

  • 4 месяца мурун

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “безпредельщик” атыккан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКга Ала-Бука районунун тургундарынан 1971-жылы туулган А.О.С. Ала-Бука айылынын тургунуна карата, мурда бир нече жолу соттолгон (бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу), өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн жана жергиликтүү тургундарга, атап айтканда Ала-Бука айылындагы коммерциялык жайлардын ээлерине карата туруктуу негизде физикалык зомбулук көрсөттү деген кайрылуулары келип түшкөн.

1-апрелде А.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда А.О. жашаган жерди тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылып алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК кармалган А.О.С. тарабынан зордук-зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын Жалал – Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын төмөнкү ишеним номурларына: (WhatsApp: 0995 012210) кайрылууну өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты