Ала-Букада баңгизат сатканга шектелген жаран кармалды

  • 6 месяцев мурун

Ала-Букада баңгизат сатканга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 9-январдаИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Жалал-Абад облусунун Аксы районунда «Ф» аттуу жаран баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул маалымат Маалыматтарды каттоо журналына катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш аракеттеринин негизинде, Кыргызстандын аймагы аркылуу Таджикистандан Өзбекстанга баңгизатын ташуу менен алектенип жүргөн 1990-жылы туулган Н.Ф., аттуу жаран аныкталган. «1990-жылы туулган Н.Ф. аттуу жаран кармалып, анын башкарып жүргөн унаасын текшерүү учурунда өзү отурган орундуктун астынан скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган далил зат афган тектүү «гашиш» баңги заты экендиги аныкталып, таза салмагы 931 граммды түзгөн.

Кармалган адам Аксы райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда мыйзам талабына ылайык тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты