Ала-Бука районунун тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү марихуана табылды

  • 1 год мурун

Ала-Бука районунун тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү марихуана табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүгүртүүгө тыюу салынган 20 килиграммдан ашуун баңгизатты камтыган өсүмдүк табылган. Ала-Бука районунун 54 жаштагы жашоочусу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда маалымат тастыкталды. Аталган жарандын үйүнөн 12 килограмм 835 грамм марихуана, 8 килограмм 788 грамм салмактагы «кара куурай» жана 65 гр салмактагы «кара куурай өсүмдүгү» табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган Ю.У. Ала-Бука районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты