Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү мүмкүн

  • 2 года мурун

Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-128 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусусунда, 198-246 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.

Жаан-чачын жана тоолу аймактарда кар жаап жаткандыктан, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты