Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор салынат

  • 1 год мурун

Туризм департаментинин жана Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жетекчилиги туристтик тейлөө борбору салына турган жерди инвесторлорго көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борборду камтыйт. «Азаттык» кабарлагандай, департамент туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилерин кабарлаган жок.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган. Коомчулукта аймактын экологиялык жактан маанилүү экенин, жердин бизнес үчүн берилишин сындагандар болгон.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты