Ала-Арча суусуна 21 жаштагы кыз чөгүп кетти

  • 2 года мурун

Ала-Арча суусуна 21 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

15-августта Аламүдүн районунун Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20 аталган жарандын сөөгүн Ала-Арча суусунан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты