Ала-Арча суу сактагычынан издөөгө алынган 51 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Ала-Арча суу сактагычынан издөөгө алынган 51 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-август күнү саат 12:42де «Ала-Арча» суу сактагычынан изделип жаткан 51 жаштагы У.И. аттуу жарандын жансыз денеси ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылды.
21-август күнү 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине ыкчам түрдө 24-августтан тарта ӨКМдин Аламүдүн райондук жана Бишкек шаардык Куткаруучулары тартылып, издөө ишин жүргүзүлдү.
Муну бөлүшүү