«Ала-Арча» суу сактагычынан 51 жаштагы жаран изделүүдө

  • 2 года мурун

«Ала-Арча» суу сактагычынан 51 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган. 24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түштү. Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылды.

Бүгүн издөө иштерин улантууга 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылды. Бул күнү да керектүү шаймандар менен барган суучул-куткаруучулар тарабынан «Ала Арча» суусунун агымы азайтылып, суу сактагычтын башынан «Ак жол» бекетине чейинки аралык изделет. Издөө ишинин натыйжасы тууралуу маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты