«Ала-Арча» суу сактагычынан 19 жаштагы жарандын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

«Ала-Арча» суу сактагычынан 19 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июнда Бишкек шаарынын Аламүдүн районуна караштуу Калыс-Ордо конушунда “Ала-Арча” суу сактагычына 19 жаштагы М. у Б. аттуу жигит түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Бүгүн жерине издөө-иштерин жүргүзүү үчүн саат 10:05те Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 6 суучул куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты