«Ала-Арча» паркы убактылуу жабылат

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы 6-июндан 10-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, парктын ичиндеги автожол оңдолот. Жолду оңдоп-түзөө иштери 10-июнда аяктайт деп пландалууда.

“Ала-Арча” паркынын жалпы аянты 2280 гектар жерди түзөт. Ал жер жайы-кышы адамдар келип эс алуучу ири жайлардын бири.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты