Ала-Арча капчыгайында орусиялык туристтин сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Ала-Арча капчыгайында орусиялык туристтин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-август күнү Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан Орусиянын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.

Жерине 6 куткаруучу тартылып, жогору аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган Н.К. жабыр тарткан эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты