Ала-Арча капчыгайында эркек киши тоодон кулап түштү

  • 2 года мурун

Ала-Арча капчыгайында эркек киши тоодон кулап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып 1 эркек киши тоодон кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине ӨКМден (Эдельвейс куткаруучулар тобу) 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишти. Куткаруучулар «Хижина Рацека» альпинисттердин лагеринде жетишип, кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштери бүгүн жүргүзүлөт. Кошумча маалымат кийинчерээк тартулайбыз.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты