Акжолтой Тукуновду милиция кармап кеткени айтылды

  • 2 недели мурун

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалганы жазылды.

Бул маалыматты тактоо үчүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылдык. Азырынча алардан жооп боло элек.

Тукуновдун бир тууган иниси “Азаттыкка” маалыматты ырастаган. Анын сөзүнө ылайык, Чүйдүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 17-апрелде кармаган. Адвокаты Умар Молдобековдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, тергөөдө ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып тагылган. 19-апрелде Аламүдүн райондук сотунда бөгөт чарасы каралар алдында ал “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болгонун билдирди. Кылмыш иши Фейсбуктагы баракчасына 2021-жылы жазган билдирүүсү боюнча козголгону кабарланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты