Акжолтой Тукунов “Массалык баш аламандыктар” беренеси боюнча айыпталып кармалды

  • 2 недели мурун

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов “Массалык баш аламандыктар” беренеси боюнча айыпталып кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жана интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда коомдук ишмер Аламүдүн районунун тургуну Тукунов Фейсбук социалдык тармагында коомчулукту массалык баш аламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жаткандыгы аныкталган.

Бул факты Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясына катталып, кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты