Акыркы жылдары чет өлкөдө каза болгон кыргыз жарандарынын саны кескин өстү. Анализ

Өткөн жылдын август айында Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон кырсыктан Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болгон. Кырсык М-5 унаа жолунда кыргызстандыктар Россия Федерациясынын Казакстан менен чек арасына миграциялык карталарын жаңыртуу үчүн бара жаткан учурда болгон. Кыргызстандыктар бара жаткан кичи автобус эки оор жүк ташуучу унаанын ортосунда калган. Каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын рейс уюштурулган.

Биздин журналисттер соңку жылдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө каза болгон учурлары көп катталып жатканын байкап, мигранттар кантип, кандай себептерден улам каза болуп жатканын изилдеп көрдү.

2011-жылы Байузак жубайы менен Орусияга иштегени кеткен. 2016-жылы Байузактын жубайы кош бойлуу болуп, Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ал эми Байузак Москвага келип, курулушта иштей баштаган. Көп өтпөй ал жумуш ордунда каза болгон. Аялына ал жетинчи кабаттан кулап кеткенин айтышкан.

«Мен дагы деле ишене албайм. Ал ден-соолугуна кам көргөн, сак адам болчу. Жыгылганда жолдошумдун агасы “колу сыныптыр, бирок баары жакшы эле” деген. Бирок жыгылгандан кийин операция жасалып, андан кийин комага түшкөн экен. Анан эсине келбей каза болду», — деди Байузактын жубайы Айгүл.

Байузак 25 жашта эле. Анын артында үч кызы калды. Байузактын сөөгү мекенине мамлекеттин жардамысыз өз алдынча жеткирилген.

Өлүмдөрдүн көбү Орусияда катталат

Анализ кылуу үчүн биз Тышкы иштер министрлигинен Кыргызстандын чет өлкөдө каза болгон жарандары боюнча маалыматтарды алдык. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2010-2022-жылдар аралыгында дүйнөнүн 22 мамлекетинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан 2384 жарандын өлүмү катталган. Мисалы, Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги Канада, АКШ, Мексика ж.б.у.с өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын өлүмүн каттай алат. Ошондой эле 2023-жылы төрт адам каза болгондугу жалпыга маалымдоо каражаттарынан белгилүү. Анализ учурунда каза болгондордун көбү Орусияда экени белгилүү болду.

Өлүмдөрдүн көбү Орусияда катталып жатканын бул өлкөдө башка өлкөлөргө караганда кыргызстандыктар көп экендиги менен түшүндүрсө болот. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга байланыштуу жарандардын көбү башка мамлекеттерге иштөөгө аргасыз. Ал эми Орусия эң жеткиликтүү вариант. Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аталган өлкөдө Кыргызстандын миллиондон ашык жараны катталган. 

Ал эми өлүмдөрдүн саны боюнча экинчи орунда Түркия турат. Бул өлкөдө 78 кыргызстандыктын өлүмү катталган.

Өлүмдөрдүн төрттөн биринин себептери аныкталган эмес

2016-жылы Москва шаарында жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында 14 кыргызстандык кыз-келин каза тапкан. Көпчүлүгү 18-25 жаш арасында болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө өрт бузук чырактан чыкканы аныкталган. Ал эми эвакуациялык эшиктер жабык болгондуктан, каза тапкандардын саны көп болгон.

Соттун чечими менен басмакананын директору 2,5 жылга, ал эми башкы инженери 3,5 жылга эркинен ажыратылган.

Бул трагедия кырсык катары катталган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 12 жылда чет өлкөдө 300дөн ашуун кыргызстандык кырсыктан каза болгон. Миңге жакын кыргызстандык оорудан улам көз жумган. Каза болгондордун төрттөн биринин өлүмүнүн себеби аныкталбай калган.

Консулдук департамент жарандын өлүмү катталып, бирок маркумдун туугандары же жакындары медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан учурда Кыргызстандын жарандарынын өлүмүнүн себептери такталбай каларын билдирди.

Жарандардын укуктары: мыйзамда бар, бирок алар сакталып жатабы?

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы чет өлкөлөрдөгү бардык жарандарга тең укуктуулук принциптеринин сакталышына жана Конституцияда кепилденген бардык укуктар менен эркиндиктердин сакталышына кепилдик берет. Биз кыргызстандыктар каза болгондо өлүмдү кантип каттаарын жана жарандын өлүмүнөн кийин укуктарын сактоого кандай жардам көрсөтөрүн билүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылууну чечтик.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Букалаевдин айтымында, министрлик жарандардын өлүмү боюнча бардык фактыларды көзөмөлдөп, каттоого алат, козголгон кылмыш иштерин көзөмөлдөйт.

«Биздин жарандардын көбү Орусияда мигрант катары жүрүшөт. Тилекке каршы, жаш куракка, айрым турмуштук окуяларга байланыштуу өлүмдөр катталууда. Консулдук мамилелер жөнүндө конвенцияга ылайык, башка өлкөнүн жаранынын өлүм фактысы катталса, өлүм катталган өлкөнүн органдары жакынкы дипломатиялык мекемелерге билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурларда консул өлүмдүн жагдайларын жана себептерин аныктайт, сөөктү мекенине жөнөтүүгө жардам берет. [...] Ар бир өлүм фактысы боюнча тиешелүү иликтөө жүргүзүлөрүнө 100% кепилдик бере алабыз», — деди Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Букалаев.

Бирок кыргыз жарандарынын өлүмүнө себепкер болгон адамдардын канчасы жаза алганын сураганабызда Алмаз Букалаев бул маселе боюнча ар бир фактыны өзүнчө караш керек экенин жана статистикалык маалымат жоктугун билдирди.

Букаелев көп учурда каза болгон жарандардын жакындары жумуш берүүчүдөн акчалай компенсация алгандан кийин кылмыш ишин улантуудан баш тартып коюшарын кошумчалады. 

Мындай жагдай Байузактын учурунда да болгон.

Москвада курулушта иштеп жүрүп каза болгон Баузактын жубайы Айгүлдүн айтымында, күйөөсү каза болгондон кийин Байузактын бир-тууган агасы жумуш берүүчүдөн 200 миң рубль компенсация алган. Бул акчаны Москвадагы мекендештер чогулткан акчага кошуп, Байузактын сөөгүн мекенине алып келишкен. Айгүл күйөөсүнүн өлүмүнө байланыштуу эч кандай документи жок экенин айтып, жолдошунун өлүмүнүн себеби ал үчүн дагы деле табышмак экенин билдирди. Себеби, Байузактын өлүмүнүн себептери боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы миграциясы боюнча изилдөөдө кыргызстандыктардын укуктары менен эркиндиктери көп бузулуп жатканы айтылат. Андагы маалыматка ылайык, кыргызстандыктар укук бузууларга, эмгек шарттарынын начардыгынан жумушка орношууда дискриминацияга, зордук-зомбулукка же коркутууларга дуушар болушат. Изилдөөдө чет өлкөдө кыргыз жарандары паспортторун жана документтерин алдырып ийген, эмгек акысын ала албай калган же көпкө созулуп жүрүп алган учурлар болору айтылат.

«Ишке орношкон өлкөлөрдө мигранттардын абалына өтө катаал мамиле кылуу менен эмгек миграциясынын донору болгон өлкөлөр чет өлкөдөгү өз жарандарын начар коргошот: бул дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрдүн жетишсиз колдоосу, а түгүл эң одоно мыйзам бузууларга көңүл бурбоо менен көрсөтүлөт. Таасирдүү өлкө менен «мамилелерди бузууну» каалабагандыктан, миграциялык органдарды реформалоодо алардын кызматкерлеринин компетенциясынын, иштин ачык-айкындуулугунун жана сапатынын эсебинен адам укуктарынын бузулушу көп байкалат», - деп жазылат изилдөөдө.

Өлүмдөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн

2012-жылдагы дагы бир изилдөөдө кыргыз жарандары расизм сыяктуу көрүнүшкө туш болгону айтылат. Мындан тышкары, басмырлоо кооптуу же жол берилгис шарттарда иштеген мигранттар  бийликке  жардам сурап кайрылуудан коркушат:

Бир канча булактардын маалыматына ылайык, 2011-жылы Орусияда расисттердин кол салууларынан улам Борбор Азиядан келген 20 мигрант каза таап, 120 мигрант жаракат алган. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келген жарандар арасында да өлүмдүн саны көбөйгөн”, - деп айтылат изилдөөдө.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бизге чет өлкөдө мамлекеттик органдар тарабынан катталбай калган өлүмдөр болушу мүмкүн экенин билдирди. Айрыкча, кыргыз жарандары жашаган бардык шаарларда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү ачылган эмес. Андыктан кыргызстандыктардын өлүмү боюнча бардык фактылар мамлекет тарабынан каттала бербейт. Кошумчалай кетсек, эгерде адам КМШ мамлекеттеринен тышкары жерде каза болсо, Гаага конвенциясына ылайык анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк биздин өлкөдө таанылат. Ошондуктан мындай учурларда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде өлүмдү каттоонун зарылчылыгы жок.

Ал эми чет өлкөдө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү ачылган соң катталган өлүмдөрдүн саны көбөйө баштаган. Тактай кетсек, 2018-жылы жана андан кийинки мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлүмүнүн саны көбөйгөн. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, 2018-2019 жылдары Орусияда эки өкүлчүлүк ачылган. Ал эми 2021-жылы Анталияда консулдук ачылган.

Мындан сырткары, 2021-жылы маркумдун чет өлкөдөгү жакын туугандары мамлекеттен бир жолку жөлөкпул ала турган жарлыкка кол коюлган. Бул да катталган өлүмдөрдүн санынын көбөйүшүнө алып келген. Жарлыкка ылайык, маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү чыгымдарын мамлекет өз мойнуна алат. Башкача айтканда, төлөмдөр боюнча жарлыкка кол коюлгандан кийин жакындары төлөм алуу үчүн жакындарынын өлүмүн дипломатиялык мекемелерге каттата баштаган. Буга чейин көп учурлар катталбай келген. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Букалаев да тастыктады.

Бул материалда чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын расмий каттоодон өткөн саны гана көрсөтүлдү. Катталбай калган өлүмдөрдүн саны мындан дагы көп болушу мүмкүн. 

Биз сандарды кайдан алдык?

Материалда келтирилген маалыматтар уникалдуу. Биз сандарды КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгынан кат аркылуу алдык. Консулдук департамент үч ай бою Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу маалыматтарды нөлдөн баштап чогултту.


Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова, Эркайым Асанканова

"Бул материал Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын редакторлору — Савия Хасанова жана Александр Богачев. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт."

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты