«Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынды

  • 1 год мурун

«Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында буйругу чыкты.

Ага ылайык, “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда саат 9:00дө өтөт. Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

— райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;

— билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрү эскертилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты