Акын, журналист Кубат Оторбаевдин адабий кечеси өттү

Кечээ, 13-мартта, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук драма театрында белгилүү журналист, акын Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өттү.

Көрүүчүлөр адабий дүйнөнүн керемет кечине күбө болду. Анда Кубат Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” аттуу алгачкы китеби окурмандардын назарына салынды. Китеп Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан 2022-жылдын мыкты китеби деп таанылган.

Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын ээси Кубат Оторбаев бир канча жылдар өтүп, чыгармачылыкка кайтып келип, окурмандарды кубантып жатканын чыгып сүйлөгөндөр белгилешти.

«Жан курбалым, Муза -Кудайым,

Жолго чыгам — бата сурайын!

Тизе бүгүп кулдук урайын,

Тамгалардан тагдыр курайын»

деп Кубат жаштайында жазып. бирок журналисттик кесиптин артынан кетип, эми чыгармачылыкка кайтып отурат.

Адабий кечеде акындар жана саясатчылар Кубаттын ырларын окуп, артисттер анын ырларын ырдап, көңүл кушубак болду. Кубат Оторбаевдин апасы Турсунай театрдын залында уулунун ырын угуп олтурса, атасы Табылды эскерилип, айылы, сүйүү жана турмуштук ырлары жаңырды.

Кечени режиссер Назым Мендебаиров койгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты