“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун талаптары айтылды

  • 3 месяца мурун

Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосу 6-классты жана 8-классты аяктап жаткан бардык өзгөчө шыктуу жана зээндүү окуучулар үчүн өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Онлайн тестирлөөгө катышуу үчүн 6-класстар 2024-жылдын 10-майына чейин exam.edu.kg сайтына катталуулары зарыл.
Конкурстук тандоо 3 этаптан турат:
1-тур: 11-майдан 16-майга чейин онлайн тестирлөө.
2-тур: 20-майдан 24-майга чейин онлайн тестирлөө.
3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин оффлайн тестирлөө, ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлөт.

8-КЛАССТЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН:

Онлайн тестирлөөгө катышуу үчүн 8-класстар 2024-жылдын 15-майынан 25-майына чейин exam.edu.kg сайтына катталуулары зарыл.
1-тур: 1-июндан 6-июнга чейин онлайн тестирлөө.
2-тур: 10-июндан 14-июнга чейин онлайн тестирлөө.
3-тур: 18-июндан 22-июнга чейин оффлайн тестирлөө, ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты