«Акылман» президенттик лицейине 6-класстар арасында 75 окуучу конкурстук тандоодон өттү

  • 2 месяца мурун

«Акылман» президенттик лицейине 6-класстар арасында 75 окуучу конкурстук тандоодон өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлик 6-класстын окуучулары арасында “Акылман” Президенттик лицейине конкурстук тандоонун III турунун жыйынтыгында 75 окуучу (41 бала, 34 кыз) өткөндүгүн маалымдайт.

Ошондой эле эң жогорку балл алган 12 окуучу резервге алынды.

Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейине 6-класстар арасында конкурстук тандоонун I туруна – 6202, II туруна – 2922, III туруна – 854 талапкер катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты