Акылбек Жапаровдун жана Умбеталы Кыдыралиевдин жашыруун аудиосу. Кумтөр жана акциялар (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен “Кыргызалтындын” башчысы жана экс-депутат Умбеталы Кыдыралиевдин Кумтөр боюнча сүйлөшкөн аудиосу тарап жатат. 

Аудиодо Акылбек Жапаров Кумтөр Кыргызстанга толугу менен өткөнүн айткан. Ал эми Умбеталы Кыдыралиев “Центерра Голд” компанияниясындагы акциялардан толук баш тартуу ката экенин билдирген.

Акылбек Усенбекович, мен бир нерсени ойлонуп жатам. Азыркы сүйлөшүүдө Центеррага акциялардын баарын бербеш керек. 26,6%дын эң жок дегенде 12%ын бизге калтырыш керек. Центеррада бизден кийин Центерадагы башкы акционер “Black Rock” компаниясы болду. Бул компания 9 триллиондук компания. Центерранын келечеги кең. Алар биздин алтындарды пайдаланып “Aksüt”, “Miligan” деген компанияларды сатып алышты”, — деп айтылган. 

Ошондой эле Умбеталы Кыдыралиев Центерранын акцияларынан баш тартуу стратегиялык ката экенин билдирген. 

“ПолитКлиника” медиасы айтылгандардын тууралыгын текшерип көрдү.

Кумтөрдүн Кыргызстанга өтүү процесси 

5-апрель күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, ‘Кумтөр” алтын ишканасы жүз пайыз өлкөнүн менчигине өткөнүн билдирди.

“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер, тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык. Мындан тышкары, “Центерра” бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду. Анын көлөмү болжол менен 11 млн. АКШ долларын түзөт”,- деп айткан. 

Мындан сырткары президент “Кыргызалтынга” тиешелүү болгон 26% акция Канадага өткөнүн кошумчалаган. 

Белгилей кетсек, Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр, 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Буга компания экологияга эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн. “Центерра Голд» компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигине каршы Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Эки тараптуу пикир келишпестиктерден кийин 2021-жылы 3-январда Канадалык «Центерра Голд» (Centerra Gold Inc.) компаниясы Кумтөр кенин Кыргызстанга биротоло өткөрүп берүү жана Кыргызстандан чыгып кетүү тууралуу өзүнүн шарттарын атаган. 

Эң негизги шарты катары «Центерра Голд” компаниясындагы “Кыргызалтын” ишканасы ээлик кылган (Кыргыз Республикасынын атынан) 26,1% акцияны ала турганын маалымдаган. 

Акцияларды өткөрүп берүү боюнча эксперттер түрдүү пикирлерди айтышкан. Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков эгер Кыргызстан 26,1% акцияны өткөрүп бере турган болсо утула турганын билдирген. 

Анткени  Кыргызстандын “Центерра Голддогу” 26% акциясынын саны 700 миллион доллардын тегерегинде бааланган. Бул акциянын баасы алтын кымбаттаган учурларда 1 млрд. доллардан ашса, айрым учурларда 500 млн. долларга чейин түшүп турчу. 

Президент Садыр Жапаров бул боюнча Кыргызстан Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү менен уттурбай турганын жана бул жылы 500 миллион долларга чейин пайда көрө турганына ишендирген. 

“Центерра Голд” компаниясындагы  Кыргызстандын үлүшү

“Центерра Голд” компаниясы Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгө, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. 

“Центерра Голд” компаниясы Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан баштап кызыктар боло баштаган. 1992-жылы “Центерра Голддун” мурда эң ири акционери болгон “Камеко” корпорациясы Кыргызстанда уран жана алтын казып алуунун келечегин изилдеп, Кумтөр кениндеги алтындын минерализациясын андан ары изилдөө мүмкүнчүлүгүнө кызыктар болгон. Долбоорду өнүктүрүү боюнча акыркы келишим Кыргызстан менен 1994-жылы түзүлгөн. 

Алгач “Кумтөр” алтын кен долбоорунун 67%ы Кыргызстанга, 33%ы канадалык “Камекого” караган. 2003-2004-жылдары бул долбоор “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түшкөн. Аны улай мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагы өкмөт 17% акциясын да сатып жибергени, Кыргызстандын “Центеррада” 15% үлүшү калганы белгилүү болгон.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өкмөтү “Центерра” менен концессиялык келишимге кол коюп, анда “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33% түзгөн.

2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул Кыргызстандын үлүшүнүн 26,5%га түшүп кетишине жол ачкан. 

Буга чейин “Центерра Голд” компаниясынын акционерлеринин арасында Кыргызстан эң чон үлүшкө ээ болуп турган. 

Акылбек Жапаровдун жана Умбеталы Кыдыралиевдин жашыруун аудиосу. Кумтөр жана акциялар (Фактчекинг)

Андан кийин аудиодо айтылгандай BlackRock Investment Management (UK) Ltd. компаниясы 8.47%дык акцияга ээ болчу. Blackrock Inc. компаниясы — башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык инвестициялык компания. Дүйнөдөгү эң ири инвестициялык компаниялардын бири жана башкаруудагы активдери боюнча дүйнөдөгү эң чоң болуп саналат. Башкаруудагы активдердин суммасы 2022-жылдын 16-январына карата 10 триллион долларды түзгөн. 

Башкача айтканда аудиодо айтылган маалыматтар чындыкка дал келет. 

Негизинен “Центерра Голд” компаниясынын Монголияда, Тывада, Түркияда жана  Канадада кендери бар. Бирок ушул убакка чейин алардын эч бири “Кумтөр” компаниясы сымал кирешелүү болгон эмес. 

Мисалы, 2020-жылдагы маалыматка ылайык, “Центерра Голддун” кирешесинин 67%ы Кумтөрдөгү алтындын эсебинен келип түшкөн. 

Акылбек Жапаровдун жана Умбеталы Кыдыралиевдин жашыруун аудиосу. Кумтөр жана акциялар (Фактчекинг)

Башкача айтканда, Кумтөр алтын кени Кыргызстан үчүн экономикалык жактан кандай маанилүү болсо, “Центерра Голд” компаниясы үчүн да ошончолук маанилүү болгон. Анткени компаниянын кирешесинин көпчүлүк бөлүгү Кыргызстандагы алтындарга байланыштуу болчу. 

Теория жүзүндө “Центерра Голд” ишканасы Кыргызстан чоң акционер болгондуктан көп өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берүүсү кажет. Бирок, көп учурда “Центерра Голд” Кыргызстанга аз суммадагы жана кечиктирилген дивиденддерди төлөгөн учурлары байма-бай кездешип келет. Мисалы, 2016-жылдан бери Кумтөрдөн түшкөн каражат үчүн Кыргызстандын үлүшүн кечиктирип төрт жылдан кийин төлөнгөн. 

Башкача айтканда, Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциясы кээ бир учурларда мааниге ээ болбой, мамлекетке жакшы киреше алып келбей калган учурлар да болгон. 

Жыйынтык: “Центерра Голд” жөнүндө аудиодо айтылгандардын бир тобу туура. Бирок, Кыргызстан үлүшүндөгү акциялардын эсебинен да кээ бир учурда жакшы дивиденддерди ала албай калган учурлар болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты