Акылбек Жапаровдун коррупцияга шектелип кармалган кеңешчиси үй камагына чыкты

  • 1 год мурун

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 17-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын «Азаттык» радиосу аталган мекеменин басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Темирбек Эркиновду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Белгилей кетсек, УКМК Эркиновду коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, Биринчи Май райондук соту 3-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Темирбек Эркинов 2021-жылы ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты