Акылбек Жапаров журналисттерге көрсөткөн отчетунда бизнесмен Данияр Аманалиевдин слайдын колдонгону чындык (Фактчекинг)
- 2 года мурун
- Фактчекинг
5-июль күнү Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Дасмия” ресторанында журналисттер жана блогерлер менен жолугушуу өткөргөн. Жыйында төрага Акылбек Жапаров өткөн жылы аткарылган иштер боюнча отчетун окуп берип, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берген.
Интернет тармагында жыйындагы бир катар слайддардын сүрөтү жарыяланып, активист Улан Үсөйүн слайддардын бирөө бизнесмен Данияр Аманалиевге тиешелүү экенин айткан.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Креативдүү экономика жөнүндөгү слайд
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Жаңы реалдуулукта улуттук экономика” деген темада презентация жасаган. Анда өзгөрүп жаткан экономикалык жагдайларда Кыргызстан алдыга жылуу үчүн экономикалык стратегиялар бар экени айтылып, тышкы карызды төлөө жөнүндө да маалымат берген.
Бир жарым саатка жакын уланган иш-чарада мектептерди жана бала бакчаларды куруу талапка ылайык экени айтылып, “креативдүү экономика” жөнүндө слайд көрсөтүлгөн.
Дал ушул презентацияны 18-июнь күнү “Media-Toptoo 2022” иш чарасында ишкер Данияр Аманалиев көрсөткөн.
Сүрөттөн эки слайд окшош экенин даана көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Данияр Аманалиев “Ололо” коворкинг тармагынын тең негиздөөчүсү, ошондой эле “Чыгармачыл индустриялар ассоциациясынын” байкоочу кеңешинин төрагасы болуп саналат.
Жыйынтык: Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге көрсөткөн отчетунда бизнесмен Данияр Аманалиевдин слайдын колдонгону чындык.