Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Баткенде жүрөт
- 9 ай мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров өткөн жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак-жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.
Мындан тышкары Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.
Муну бөлүшүү