Акылбек Жапаров Жерүй алтын кенине барды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Жерүй кенине барып, алтын чыгаруучу ишкананы иши менен таанышып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта өкмөт башчысы алтын чыгаруучу фабриканын иши, кургак калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушканы айтылат.

Белгилей кетсек, аталган ишканада жалпысынан 1367 кызматкер эмгектенет. Алардын 97%ы Кыргызстандын жарандары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты