Акылбек Жапаров ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди

  • 6 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилди.

“Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоп-тазалоо иштери бүгүн, кечке жуук бүткөрүлөт, чатырды оңдоо иштери уланууда”, — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Министрлер кабинетинин башчысы андан ары “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына барып, анда Кара-Кече кенинен борбор калаанын ЖЭБине көмүрдү ташуу жана жүктөө процесси менен таанышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты