Акылбек Жапаров Жапония менен энергетика тармагында долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну сунуштады

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жапониянын Либералдык-демократиялык партиясынын башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

Тараптар өзгөчө энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерине, атап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурушту.

Жапаров энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында ири инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар адам ресурстарын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга токтолуп, Кыргызстанда улуттук макамга ээ болгон “Бир айыл – бир продукт” долбоору тууралуу кеп кылышты.

Өз кезегинде Тосиаки Эндо Жапония менен Кыргызстандын соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, социалдык-гуманитардык тармактарда олуттуу потенциалы бар экенин баса белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты