Акылбек Жапаров жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы ЕӨАК кеңешмесинин жыйынтыгы тууралуу айтышты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Анда Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү. «Үстүбүздөгү жылдын башында президент тарабынан белгиленген Евразия экономикалык биримдигинин органдарында Кыргызстандын төрагалык кылуусундагы артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын жигердүү ишин белгилегим келет.

Бул 2025-жылга чейин экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетүү зарылчылыгы; бирикменин ички рыногунда “төрт эркиндик” принцибин камсыз кылуу; өнөр жай жана агроөнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү; импортту алмаштыруу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү; эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Бүгүнкү кеңешмеде уюмдун алкагында газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү боюнча эл аралык келишимдерди даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат уктук. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаалды талкууладык, өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери боюнча чечим кабыл алынды», — дейт Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алкагында айыл чарба продукцияларына кампа күбөлүктөрүн берүү, жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууга, ошондой эле бир катар тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты