Акылбек Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздар менен жолукту

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү президенттин жана өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилегени айтылат.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деген өкмөт башчысы.

Өзбекстанда 2018-жылы “Ыңгайлуу айыл” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган. Өзбек президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган.

34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулган. Мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган. Мындан тышкары заманбап үй-бүлөлүк бейтапкана курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.

Мындан тышкары, заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты