Акылбек Жапаров Токмоктогу дөңгөлөктү кайра иштетүүчү заводго барды

  • 10 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын Желим жана башка буюмдарды чыгаруу менен автомобиль дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүү боюнча заводуна барды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, завод учурда тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук кандуу ишке киргизүү 2023-жылдын аягы, 2024-жылдын башы деп пландалууда. Ишкана иштеп баштагандан тартып 180тен ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, саатына 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилип чыгарылат. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар жумшалып, кирешенин ички нормасы 33%ды түзөт.

Акылбек Жапаров кайра өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине дагы чыгарылаарын билдирди.

Белгилей кетсек, эскирген дөңгөлөктөр кайра иштетилип жаңы продукцияга, тагыраагы желимге, текстилге, пресстелген материалга айландырылат.

Техникалык-экономикалык негиздеме тарабынан иштелип чыккан долбоорго ылайык, 2026-жылдан 2030-жылга чейин, тагыраагы 5 жылда киреше салыгын төлөөнүн суммасы орто эсеп менен 60 млн сом деп болжолдонууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты