Акылбек Жапаров Ташкентке иш сапары менен келди

  • 3 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстандые Ташкент шаарына келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. 

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына, ошондой эле Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт, ошондой эле энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты