Акылбек Жапаров: «Сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн»

  • 7 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментине 47 автоунааны тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1,2 миллиард сом болсо, 2023-жылы 3,5 миллиард сом болгон.

“Биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Бул автоунаалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алганыбызды белгилей кетейин. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникага ээ болушуңуздар менен куттуктайм. Сот системасы – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон бийликтин өзүнчө бутагы. Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат жылдан жылга көбөйүүдө. Соттук отурумдарга сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап технологиялар киргизилүүдө, санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү”, – деди Акылбек Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты