Акылбек Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун катышуучулары саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Ошондой эле тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты