Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасына Ижевск шаарындагы мектептеги ок атууга байланыштуу көңүл айтты

  • 2 года мурун
Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасына Ижевск шаарындагы мектептеги ок атууга байланыштуу көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Орусиянын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте болгон ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул каргашанын кесепетинен жабыркагандардын бардыгы тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты