Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматына таянып жазды.

Бейшеналиевдин айтымында, учурда Жапаров ишке чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокардды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелдеги Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууга келери күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты