Акылбек Жапаров Мюнхенде “Валднер холдингдин” жетекчилиги менен жолугушту   

  • 3 дня мурун

Мюнхенге болгон жумушчу сапарында Министрлер кабинетинин төрагасы –Акылбек Жапаров, “Валднер Холдинг”  Waldner Holding SE & Co. KG компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Йохен Фрю менен жолугушту. Жолугушуу Мюнхен университетинде өттү.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, МинКаб башчысы “Валднер Холдинг” компаниясынын лабораториясынын иши менен таанышып, Кыргызстан менен компаниянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. 

МинКаб башчысы мектептерди жана ЖОЖдорду эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораториялык жабдуулар менен жабдуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан билим берүү тармагында Гугл Эдьюкейшн (Google Education) менен кызматташууну жолго койгонун баса белгиледи.  

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Кыргызстандын беш университети үчүн химия жана физика лабораторияларын кайра жабдуу боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашаарына ишеним билдирди.  

«Биз университеттердин ар бирине 1 миллион доллар бөлүүнү пландап жатабыз, долбоорду Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен бирге баштоону пландап жатабыз» деди Акылбек Жапаров.  

Йохен Фрю өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташууга кубанычта экенин белгиледи. 

«Биз билим берүүнү өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрүп жатабыз жана кыргызстандык студенттерге ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү алууга жардам бере турган заманбап жабдууларды жана технологияларды берүүгө  даярбыз» деди ал.

Сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Мюнхен шаарында «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.  Ошондой эле Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер жана Ландтагтын (парламенттин) президенти Ильзе Айгнер менен жолугушууну пландаштырууда.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты