Акылбек Жапаров Минскке иш сапары менен келди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Минск шаарына (Беларусь Республикасы) иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Акылбек Жапаров ошондой эле Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышат, ««Великий камень» Кытай-Беларус индустриалдык паркына барат, мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты