Акылбек Жапаров мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирди

  • 11 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышына, “Zhongtong”компьютердик томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чараларга Кытайдын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана “Zhongtong bus” компаниясынын жетекчилиги катышты. 

Тейлөө борбору борбор калаанын бардык автопарктарын тейлей турганы, ал эми тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөрү, бул линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездете турганы белгиленди.

Акылбек Жапаров кытай автобустарын колдонуунун буга чейинки кейиштүү тажрыйбасын эске алуу менен тейлөө борборунун иштеши өтө зарыл болгонун белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров кытай тарапка борбор калааны автокомпьютердик томограф менен камсыз кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы автотомограф сыноодон өтөрүн, эгер ал сыноодон ийгиликтүү өтсө, кыргыз тарап бул медициналык аппараттарды кошумча көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле кытайлык мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Министрлер кабинети борбордо ушундай автобустарды чыгарууну пландап жатканын белгиледи.

Учурда борбор калаага 250 автобус келди, алар борбор калаанын көчөлөрүндө иштеп жатат, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты