Акылбек Жапаров «Мамлекеттик лотерея компаниясын» жабууну сунуштады

  • 7 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын ишин сынга алып, аны жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.

Бул тууралуу ал мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун угууда билдирди.

Жапаров аталган компания эки жылдан бери пайда алып келбегенин айтып, ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керек экенин белгиледи.

Мамлекеттик лотерея компаниясы 2016-жылы “Лотерея жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Өкмөт ишканага лотерея ишин уюштуруу, спорт, маданият, билим берүү, илим, искусствону өнүктүрүүгө көмөктөшүү милдетин жүктөгөн. “Лотерея жөнүндөгү” мыйзам менен жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты