Акылбек Жапаров Кытайдын Евразия боюнча атайын өкүлү менен жолукту

  • 3 года мурун

28-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтык маселеси талкууланган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Жапаров «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу стратегиялык мааниге ээ экенин, «Бир алкак – бир жол» доктринасы алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгилеген.

Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй Кытай мамлекети мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан.

2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты