Акылбек Жапаров Кыргызстандын ИДПсы 1 трлн сомдук чекке жакындаганын билдирди

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 24-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Акылбек Жапаров эл аралык институттардын Кыргызстандын ички дүң продуктусунун көлөмү төмөндөйт деген божомолдоруна карабастан, өткөн жылы алдын ала маалыматтар боюнча өлкөнүн ИДПсы 919,4 млрд сомду түзүп, 107% өскөнүн билдирди.

Жапаров белгилегендей, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусунун төмөндөшүн (Дүйнөлүк банк – 5,0%га, Эл аралык валюта фонду – 0,9%га басаңдашын) болжолдоп келишкен.

“Бул божомолдорго карабастан, улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчеттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү. Муну менен биз 1 трлн сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык”, — деди Акылбек Жапаров.

Отурумдун жыйынтыгында орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан базалык сценарийин колдоо чечими кабыл алынды. Аага ылайык 2023-жылга экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айында түзүлгөн министрлер кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты