Акылбек Жапаров Кыргызстанда “Hyundai” жана “Kia” автомобиль заводдорун ачууну сунуштады

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда “Hyundai” жана “Kia” автомобиль заводдорун ачууну сунуштады. Мындай сунушту ал бүгүн, 15-июлда Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк менен жолугушканда бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Минкаб төрагасы корей тарапка Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн эске алуу менен Кореянын “Hyundai” жана “Kia” сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады«, — деп жазылат маалыматта.

Жапаров учурда Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Корея биринчи орунда экенин белгиледи.

Ошондой эле ал жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тараптын өлкөдө гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, мейманкана комплекстерин куруу жаатындагы ири кореялык ишканалардын жана корпорациялардын болушуна кызыкдар экенин билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында тараптар “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин жакшыртуу” долбоору боюнча Макулдашууга кол коюшту.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты