Акылбек Жапаров өкмөт антикризистик планды өз убагында кабыл алганын билдирди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт экономикалык кризистин алдын алуу үчүн антикризистик планды өз убагында кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

«Бул биздин экономикабызга тийген соккуларды жумшартпастан, анын өсүшүн камсыз кылууга да мүмкүндүк берди. Мен бул жерде сандарды келтирбей эле коеюн, бирок элдин жаңы жылды тосууга беймарал даярданып жатканы өз убагында аткарылган жумуштардын натыйжасы», — деди Жапаров.

Ал баалардын кескин көтөрүлүшү, инфляция процесстери тышкы факторлордун таасиринен болуп жатканын айтып, Кыргызстан мындан эч жакка кача албай турганын белгилеген.

«Алтургай ковид көйгөйү, анын кесепетинен келип чыккан локдаундар дүйнөнүн гигант экономикаларын солгундатып койду. Анан биздикине окшогон чакан экономикалар жөнүндө эмне айтууга болот?», — деген өкмөт башчысы.

Жапаров маегинде ал Министрлер кабинетин жетектеп турганда бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү эселеп өскөнүн, куралдуу күчтөргө буга чейин болуп көрбөгөндөй көңүл бурулганын жана айлык маяна менен пенсиялардын көлөмү көбөйгөнүн да белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты