Акылбек Жапаров ККМди орнотууга убактылуу мораторий киргизди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-июнда Өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыккан соодагерлер менен жолукту.

Чогулгандар ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшту. Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан келген соодагерлер ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын айтып арызданышты.

Акылбек Жапаров митингге чыккандардын арасынан 10 чакты өкүлдү кошуп алып маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтты. Ал ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын кошумчалады.

“Мен эсеп-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап атам. Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып мага бир фураныкын көрсөтүп койсо мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле. Азыр “Кока коласын” да “Шоросун” да ирээттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо. Товар таза, туура экенин ошолор далилдеп бериши керек. Эсеп-фактура өзүнчө – бул байлардыкы. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот. Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо бошотуп койгонго да даярмын. Мага 10 кишини бергиле. 10 күн иштейли. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз. Анан ар бир аймакка карата патенттин баасын карап чыгабыз”, — деди Жапаров.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода- сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай милдеттүү талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты