Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барды
- 1 год мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.
Муну бөлүшүү